Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга эми Атамбаев катышпайт. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Атамбаев процесстерге келүүдөн баш тартып, бир нече ирет залдан чыгып кетип калган. Мындан улам судья Атамбаевди отурумга катыштырбоо боюнча токтом чыгарган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча сот отурумуна катышпайт. Бул туурасында адвокат Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин Атамбаев соттук отурумдарга катышуудан баш тартып, бир нече ирет залдан чыгып кетип калган. Мындан улам судья процесстерди Атамбаевсиз өткөрүү боюнча токтом чыгарган.

Кечээ, 14-январда, УКМК абагынын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кезектеги отурум өткөн.

"Алмазбек Шаршенович катышкан жок. Себеби өткөндө залдан кетип калганы үчүн судья аны отурумдун эрежелерин бузду деп алып таштады. Бирок бул баштан-аяк алып салды дегенди билдирбейт, отурум ал жок өтө берет. Ошондой эле сот мындай ишти айыпталуучу жок өткөрүүгө мүмкүн экендигин тастыктады. Буга чейин сот күнөөлөнүп жаткан тарап келбесе процесс болбой турганын айткан", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы мурдагы президент процесстин аягына чейин катышпай турганын тастыктап берди. Бирок судья аны өкүм угузганга жана тараптардын өтүнүчү менен чакыра аларын кошумчалашты.

Батукаевдин иши

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тергөө абагындагы мөөнөтү узартылды
Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0