Жээнбеков: мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлери мамлекетке кайтарылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония закладки капсулы под строительство парка дружбы Кыргызстана и Азербайджана
Церемония закладки капсулы под строительство парка дружбы Кыргызстана и Азербайджана  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы быйыл Бишкекке жалпы аянты 55 гектар болгон алты жаңы парк куруу пландалып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мыйзамсыз берилип кеткен парктын жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу мамлекеттик саясаттын багыттарынын бири болуп саналат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнө курулчу парк аймагына барган учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Достук паркынын жанына жалпы аянты 10,22 гектар болгон дагы бир жаңы парк курулмакчы.

"Балдар — биздин келечегибиз, үмүтүбүз. Бүгүн жасап жаткан иштердин баары келечек муундун бактылуу жашоосу үчүн жасалган аракет. Ошондуктан бул сейил багын "Балалык" эс алуу паркы деп атоону сунуштайм. Жаңы парк балдар жана ата-энелердин сүйүктүү эс алуу жайына айланарына ишенем", — деди Жээнбеков.

Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо
Президент эгемендик алган жылдары шаардагы көптөгөн паркка ылайыктуу жерлер менчикке берилип, ар кандай турак жайлар курулуп калганын өкүнүү менен билдирди.

"Бишкектин жашыл шаар деген атагын кайтаруу, экологиясын жакшыртуу максатында бул жерлерди кайра калаанын менчигине кайтаруу улантылат. Шаарларды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча бирдиктүү саясат бүтүндөй өлкө боюнча ишке ашырылат", — деди президент.

Мамлекет башчысы акыркы убакта борбор калаанын сегиз паркы жана сейил багы реконструцияланганын, 2020-жылы Бишкекте жалпы аянты 55 гектар болгон алты жаңы парктын курулушу пландалып жатканын кошумчалады. Ал эми соңку эки жылда 6,5 гектар жер Бишкектин менчигине кайтарылып, парк курууга берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0