https://sputnik.kg/20200110/kadamzhay-ayyl-turgundary-suu-chygardy-1046725625.html
Кадамжайда айыл тургундары ашар жолу менен тоодон суу алып түштү. Видео
Кадамжайда айыл тургундары ашар жолу менен тоодон суу алып түштү. Видео
Sputnik Кыргызстан
Кадамжай районунун Тамаша айылынын жашоочулары ашар жолу менен тоо боорунан түтүк аркылуу сугат суу тартып келишти. Демилгени ишке ашыруу үчүн 2,5 миллион сом... 10.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-10T09:18+0600
2020-01-10T09:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104672/58/1046725835_10:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_1c800e0297061121385548e60a951eac.jpg
кадамжай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104672/58/1046725835_202:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_311a41d8956e273fb63cdd006ec33e3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, видео, мультимедиа, кадамжай, коом
жаңылыктар, кыргызстан, видео, мультимедиа, кадамжай, коом
Кадамжайда айыл тургундары ашар жолу менен тоодон суу алып түштү. Видео
09:18 10.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кадамжай районунун Тамаша айылынын жашоочулары ашар жолу менен тоо боорунан түтүк аркылуу сугат суу тартып келишти. Демилгени ишке ашыруу үчүн 2,5 миллион сом жумшалган.
Тамаша айылын өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Момунбаев тургундар беш чакырым алыстыктагы булактан сууну тартып келүү үчүн 45 күндөн бери иштеп жатышканын билдирди.
"Айылдыктарды сугат суу менен камсыздоо үчүн Көтөрмө айыл өкмөтү 500 миң сом бөлүп берген. Жергиликтүү жашоочулар 320 миң сом чогултту. Калган каражат эл аралык уюм тарабынан бөлүндү", — деди Момунбаев.
Жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү дыйканчылык, багбанчылык менен алектенет. Мындан улам сугат суунун тартыштыгы күч болуп турган.
Тамаша айылынын башчысы Муса Темиров буга чейин суу арык аркылуу келгендиктен айылга жетпей, жарымы соолуп калганын билдирди.
"Жашоочулар сугат сууну кезек-кезеги менен эки саат пайдаланып, ар бир түтүнгө 50 күндө бир жолу кезек келчү. Айыл четинде жашагандардын бак-дарагы куурап калган учурлар да көп кездешти. Эми айылга түтүктөр аркылуу суу алып келсек, 30 күндө бир жолу кезек тиет", — деди Темиров.
Тамаша айылында 650дөн ашык түтүн жашайт.