Адвокат: Атамбаев жолун тосконуна карабай сот залынан чыгып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ордунан туруп эшикти көздөй жөнөгөн мурдагы президентти Сот департаментинин кызматкерлери токтотууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун көчмө жыйынына катышпай чыгып кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Сот отуруму бүгүн, 9-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында өттү.

"Алмазбек Шаршенович башында эле ордунан туруп кетип калды. Сот департаментинин кызматкерлери анын жолун тоскон, бирок ага караган жок. Кызматкерлер тарабынан орой мамиле жасалган жок", — деди Слесарев.

Митинг СДПК За реальную борьбу с коррупцией в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевге тиешеси жок мүлктөр камактан чыгарылды
Адвокаттын айтымында, мындан улам судья Атамбаев сот залынан чыгып кеткени боюнча токтом чыгарган.

Ошондой эле Слесарев процессти Биринчи май райондук сотуна которуу, аудио жана видео жазуулар менен камсыздоо, кылмыш ишинин купуялуулугун алып салуу, судьяга ишеним көрсөтпөө боюнча берген сунушу канааттандырылбаганын билдирди. Бүгүнкү жараян дээрлик үч саатка созулуп, академик Абдухалим Раимжанов (шектүүлөрдүн бири) өзүн начар сезгендиктен 14-январга жылдырылган.

Атамбаев буга чейин да эки жолу сот башталганда ордунан туруп кетип калган, ага чейин жараянга катышуудан баш тартып, камерадан чыкпай койгон.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Грозныйга учуп кеткен.

Баары экөөбүздүн колубузда эле... Жээнбеков Атамбаев тууралуу айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Баары экөөбүздүн колубузда эле... Жээнбеков Атамбаев тууралуу айтты. Видео
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде Азиз Батукаевдин иши кайра жанданды. Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камалган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0