БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Борбор калаанын Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициянын автоунаасы жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында окуяга күбө болгондордун бири "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына кабарлады.
Бишкек шаардык кайгуул милициянын маалымат кызматы кырсык бүгүн, 6-январда, саат 9.30 чамасында болгонун тастыктады. Анда инспекторлордун автоунаасы жүк ташыган бус менен кагышканы айтылат.
Кырсыктын себептери такталууда.
Жыл жаңыргандан бери Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан жол кырсыгы экинчи ирет кайталанып жатат. Биринчиси 3-январда болгон.