Алдыда эс алуу! Мончого туура түшүүнүн 4 эрежеси айтылды

© AFP 2023 / PHILIPPE DESMAZESМончо. Архив
Мончо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мончого туура түшүүнүн эң негизги төрт эрежеси бар. Алар — кирер алдында нык тоюп албоо, аз-аздан суу ичип туруу, спирт ичимдиктеринен баш тартуу жана муздак сууга абайлап түшүү.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Мончонун буусу ден соолукка оң таасирин берүүсү үчүн бир нече эрежени кармана жүрүү керек. Бул тууралуу россиялык медиктердин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

Мончого туура түшүүнүн эң негизги төрт эрежеси бар. Кирер алдында нык тоюп албоо, аз-аздан суу ичип туруу, спирт ичимдиктеринен баш тартуу жана муздак сууга абайлап түшүү.

"Тамакты жок эле дегенде мончого бир саат калганда ичип алган туура. Ал эми буудан чыга калып муздак суу куюнган же сыртка чыгып кар шыбанган бир аз кооптуурак. Бул нерсени атайын даярданып жүргөндөр кылышы керек", — деп айтылат макалада.

Ошондой эле дарыгерлер жүрөк-кан тамыр, бөйрөк жана боор оорулары бардарды бууга кирүүдө сак болууга чакырат. Мындан тышкары, дем алуу системасында мандеми барлар ысыктан оолак эле болгону жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0