БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Independent басылмасынын серепчиси Александра Поллард майрам, эс алуу күндөрү ар бир адам көрө турчу 20 тасманын тизмесин түздү.
Тизменин биринчи сабында — Франк Капрдын 1946-жылы чыккан "Эта прекрасная жизнь" аттуу мелодрамасы. Тасмада чакан насыя берүүчү фирманын ээси Жорж Бейли тууралуу баяндалат. Ал өз өмүрүнө кол салганы жатканда жардамга периште келет.
Үчүнчү орунду 2003-жылы жарыкка чыккан "Эльф" романтикалык комедиясы ээледи.
Жаңы жылдык эс алууда көрө турчу тасмалардын катарында "Реальная любовь" (2003-жыл), "Кэрол" (2015-жыл), "Снеговик" анимациялык тасмалары (1982-жыл), "Счастливого Рождества" (2014-жыл), "Отпуск по обмену" (2006-жыл), "Санта-Клаус" (1994-жыл) жана башка тасмалары бар.
Мындан сырткары, Брюс Уиллис ойногон "Крепкий орешек" кинокартинасы менен "Гремлины" тасмасы да тизмеден орун алган.