Суракматов: Футбол федерациясы 10 млн. долларлык гранттын документин көрсөткөн жок

© пресс-служба мэрии города БишкекПланерка с руководителями структурных подразделений и городских служб
Планерка с руководителями структурных подразделений и городских служб - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин айтымында, Кыргызстандын футбол федерациясы жерди алгандан кийин гана грант алууга кат жолдоону пландашы мүмкүн.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жер берилсе эле футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар грант бөлүнөт деген документ көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов журналисттерге билдирди.

Мэр гранттын берилишин далилдеген макулдашууларды көрбөгөнүн белгиледи.

"Биз Футбол федерациясынан 31-декабрга чейин жер бөлүп бербесек 10 миллион долларлык грант күйүп кетет деген документти көрсөтүүнү сураганбыз. Бул аз акча эмес, документиңерди алып келгиле, маселени карап жатканда ошону эске алалы дедик. Бирок андай макулдашуу же чечимдер жок экен. Менимче, алар жерди алгандан кийин гана грант алганга кат жөнөтөйүн дешкен", — деди Суракматов.

Ошондой эле ал 2018-жылы Бишкекте жеке менчикке жер берүүгө мораторий киргизилгенин эскертти.

Проект футбольного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Футбол борборун курууга жер берилмей болду. Дареги
"Албетте футбол борбору керек, биз бул маселени мыйзамдын чегинде карап жатабыз. Бирок коюлган мораторий боюнча Футбол федерациясы жеке тарап болгондуктан жер берүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө шаардын башкы планына дагы киргизилген эмес. Бирок өкмөт аркылуу бул маселени чечсек болот, ага убакыт керек. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Федерацияга да ультиматум койбой, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуштадык", — деди мэр.

Суракматов буга чейин спорттун башка түрү менен алектенгендер да жер сурап кайрылганын айтып, баарын мыйзам жолу менен чечүү керектигин белгиледи.

Футбол борбору жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы FIFA менен AFC өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 10 миллион доллар грант берерин билдирген. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасына кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот.

Генеральный директор рынка Дордой Жумабек Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Салымбеков Бишкектеги футбол борборуна берилчү жер боюнча жагдайды түшүндүрдү
Федерация 31-декабрга чейин 10 гектар бөлүнбөсө, грант башка өлкөгө берилип каларын айткан.

Мэрия сунуштаган жерлер федерациянын купулуна толбой, шаардын түштүк бөлүгүнөн алууга ниеттенишкен. Мындан улам ортодо талаш-тартыш жаралып, футболчулар "Бишкекте ойноодон баш тартабыз" дегенге чейин барган.

Бүгүн, 30-декабрда, Футбол федерациясы жер Сокулук районун бериле турганын кабарлады. Ал Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0