Ошондогу дүбүртү катуу чыккан бийликтин партиясынын азыркы абалы бардыгыбызга маалым. Ал эми 2020-жылга пландары кандай экендигин фракция лидери Иса Өмүркулов айтып берди.
— Өткөн шайлоонун алдында айтылган убадалардын канчасын ишке ашыра алдыңыздар?
— Башка партиялар сыяктуу эле шайлоонун алдында биз дагы өзүбүздүн программабыз менен чыкканбыз. Анда идеологиябызга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө басым жасалган. Тактап айтканда, маяналарды, пенсияны жогорулатуу, элдин жашоосун жакшыртуу ж.б. маселелер камтылган. Программа толугу менен ишке ашуусу үчүн фракция көпчүлүк мандатты камсыздай алганда натыйжа чыгат. Ал эми биз төрт фракциядан коалиция түзүп, иш алып бардык. Албетте, коалицияга кирген башка партиялардын дагы программасы бар. Мындай жагдайда башкаруучу коалициянын ичинде сырттан көрүнбөгөнү менен бир топ талаш-тартыштар болуп турду. Анткен менен партиялардын бардыгынын программасында окшош маселелер камтылган учурлар дагы жок эмес. Ошондуктан алардын ар бири аткарылган иштерди "биз аткардык" деп айтышы мүмкүн. Биздин партия коалицияны жетектеп, биздин өкүлдөр өкмөттү башкарды. Демек маселелердин көпчүлүгүн биз чечтик, ошол эле учурда аткарылбай калган иштер дагы болду. Бул жерден дагы жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, аны бирөөгө түртө салуудан же бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын.
— Берилген убадалардын ар бирине токтолсок, КСДП сөз эркиндигин камсыздоону айткан экен. Бул нерсе канчалык деңгээлде ишке ашты деп ойлойсуз?
— Кыргызстанды транзиттик өлкөгө айлантуу боюнча убадаңыздар бар эле...
— Учурда ЕАЭБдин алкагында байланыштар жаман эмес. Транспорттук коммуникациялар иштеп жатат. Ишке ашыруу зарыл болгон пландар бар. Алардын эң орчундуусу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Бул жерде бир топ мамлекеттердин кызыкчылыгы болгондуктан көйгөй жаралууда. Мисалы, Кытай өз макулдугун берип жатканы менен коңшулар тарабынан колдоо болбой калышы ыктымал. Бул абдан кылдат маселе, андыктан президент өзү киришүүдө. Буюрса эки-үч жылдын ичинде ишке ашат. Ал эми авиакаттамдар жаатында учурунда өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү колдоно албай калганбыз. Улуттук авиакомпания түзүлбөй, майда компаниялар эл аралык деңгээлде тейлөө, коопсуздук жагынан аксап, керектүү багыттагы маршруттарды алдырып койгон. Ошондой эле абал республиканын ичинде дагы бар. Ошко каттайт. Ал эми Жалал-Абаддын мүмкүнчүлүгү чектелген. Бирок Тамчыдагы аэропорт толугу менен эл аралык деңгээлде иш алып барып, чоң учактардын конуусуна шарт түзүлдү. Туризмди өнүктүрөбүз десек, ошол жерди эл аралык стандарттарга жооп бере турган абалга жеткиришибиз керек. Ички рейстерден Баткенге учак каттай баштады. Жалал-Абадга күнү-түнү конгондой кылууга жетишип, туризмди өнүктүрүү максатында Каракол, Нарын, Аксыга авиакаттамдарды киргизүүгө муктажбыз. Бул боюнча өкмөт иш алып барууда. Биз көмөктөшүүдөбүз.
— Жарандык авиациянын учурда абалы абдан эле начар. Өлкөнүн бир дагы учагы жок. Африка өлкөлөрү менен чогуу кара тизмеде жүрөбүз. Жогоруда сиз атап кеткен маселелерди бул багытка жетиштүү көңүл буруу деп баалай алабызбы?
— Сөзсүз түрдө эле өзүбүздүн учактарды эмес, чоң авиакомпанияларды биздин аэропорттор аркылуу учкандай кылышыбыз шарт. Учак мамлекеттики же менчик болуусу маселе жаратпастан, кайсы компания иш орундарын түзүп, салык төлөөдө, кызмат көрсөтүүдөн пайда алып келип жатканын карасак. Мүмкүнчүлүгүбүз учак сатып алууга жетпегендиктен инвесторлорду тартышыбыз керек. "Ачык асман" боюнча мыйзам кабыл алынды, аны колдоп бердик.
— Кара-Балта, Кант, Токмок шаарларын өндүрүштүк калааларга айлантууну убадаладыңыздар эле. Албетте, бул нерсе кыска убакытта ишке ашышы кыйын, ошентсе да төрт жыл аралыгында кандай иштер аткарылды?
— Өндүрүш куруудан мурун анын продукциясын сатуу маселесин чечүү зарыл. Ошондуктан учурда "Кант" кызылча заводу ишке кирип, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ишканасы, СЭЗ Бишкекте бир катар ишканалар курулууда. Негизинен алганда бул мамлекеттин өндүрүштүк саясаты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаты менен алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер бар. Ошого карабастан партиянын бул программасы кайсы бир деңгээлде аткарылып жатат деп айта алам.
— КСДПнын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алып салууну убада кылган экен. Бул боюнча сиз кандай ойдосуз?
— Негизинен алганда учурда депутаттарда кол тийбестик макамы жок деп айтсак болот. Мыйзамда депутаттар өздөрүнүн сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бербейт деп гана жазылган. Калган учурда, мисалы, кылмышка шектелсе, эч кандай тоскоолдук жок жоопко тартылат.
— Асылбек Жээнбеков мамлекеттик бюджетти толтурууну убадалаган экен. Буга эмне дейсиз?
— Абдывахап Нурбаев эки жылда авариялык мектептерди жок кылуу боюнча убада берген. Бирок учурда республика боюнча 200гө чукул мектеп авариялык абалда турат. Депутаттын убадасы эмне себептен ишке ашпай калды?
— 200 мектеп эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 20дай авариялык, коркунуч туудурган билим уялары бар. Балким сиз айткан 200гө эски, мурда курулган мектептер да кирет чыгар, бирок алар сабак окууга жарайт. Абдывахап Нурбаевдин эки жылда баарын бүтүрөбүз дегени үчүн жооп бере албайм. Бирок учурда мектептер курулуп, саны көбөйүүдө. Мурдагы өкмөттөр кайсы депутат маселе көтөрсө, ошол жерге мектептин пайдубалын кура берген. Бул алардын катасы. Эми ошол мектепке деп курулган пайдубалдарды бүткөрүү үчүн 9 миллиард каражат талап кылынат. Мунун баарын бир учурда куруп бүтүү мүмкүн эмес. Алардын ичинен эң муктаждарын аныктоо боюнча иштер акыркы эки жылдан бери жүрүп жатат.
— ӨКМдин 2019-жылдын 29-сентябрына карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 198 мектеп авариялык абалда турат. Депутат Нурбаевдин бул тармакты ичинен билген депутат катары маалыматы көбүрөөк чыгар?
— Эки жылда авариялык мектептердин баарын курууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми жогоруда мен айткан 20 мектеп быйылкы жылдын эсебине кирди. Ал эми Чүйдө 15тен ашык мектеп авариялык деп айтылууда. Бирок ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу Чүйдөгү мектептерде окуучулар ашыгы менен окуп жатышат. Мисалы, бир смен окуй турган жерге үч смен, 500 бала окуй турган мектепке 2 миңдей окуучу барып калууда. Өзгөчө мындай көйгөй Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда жана Бишкек шаарында кеңири кездешет. Мектеп, бала бакча, билим сапаты боюнча маселелер ар дайым фракциянын көзөмөлүндө.
— Аймактарды газ менен камсыздоо боюнча убада берилген. Тагыраагы, Манас районунда эл менен жолугуп жатканда Чыныбай Турсунбеков ушул чакырылыштын алкагында Таласка газ жете турганын билдирген.
— Чыныбай Акуновичтин айтканы туура, газдаштырууну жүргүзүшүбүз керек. Бул экологияга, элибизге дагы оң таасирин тийгизет. Акыркы эки-үч жылда аябай чоң темп менен газдаштыруу иштери жүрүүдө. Бишкектин жаңы конуштары, Чүй, Талас облустары дагы газдаштырылат. "Газпром" бул долбоорду ишке ашырууда. Ошондой эле аталган компания бардык регионго спорт комплекстерди курду.
— Мугалимдердин маянасын көтөрүүгө бардык фракция салым кошконун билдирип жатат. Ал эми сиздердин программада дарыгерлердин маянасы боюнча да айтылган, бирок алардыкы жогорулай элек.
— Аймактардагы маданият үйлөрүн жаңылоо боюнча убада берилген. Учурда маселе ачык бойдон турат. Аталган көйгөй алдыдагы бир жылдагы планга кирдиби?
— Бүгүнкү күндөгү жашоо деңгээлдин талабы менен мүмкүнчүлүк төп келбей жатат. Маданият үйүн оңдоп-түзөп коюу менен чектелбестен, заманбап мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшү шарт. Маселен, маданият үйүн оңдоп коюп, анда иш жүрбөй турса болбойт. Ошондуктан функциясын өзгөртүү зарыл. Ошого байланыштуу аймактарды интернет менен камсыздоо иштери колго алынууда. Ал эми мындай имараттарды менчикке берсек да болот. Менчик десе эле эл кооптоно берет. Эл үчүн иштеп, пайда алып келсе болду деген көз карашты кармануу зарыл. Менчикке берилгенде багытын өзгөртпөй, аны тойкана кылып жибербеши керек.
— 2025-жылга чейин республиканы толук таза суу менен камсыздоону убадалаган экенсиздер. Жетишесиздерби?
— Учурда 653 айылга суу жете элек, ал эми 700дөн ашуун айылдын таза суусу реабилитацияланышы шарт. Элибиз дагы бир жолу шайласа, сөзсүз жетишебиз.
— Шайлоо тууралуу кеп болуп калды, КСДП 2020-жылда өтө турган шайлоого аттанабы? Жеке өзүңүз партиянын катарында болосузбу?
— Бул жерде чоң маселе бар, ал биздин партияда эле эмес, республикадагы окуяларга байланыштуу. Тилекке каршы, партиябыз бөлүнүп-жарылып калды. Айрым юридикалык маселелер сот аркылуу чечилген соң бул суроого так жооп беребиз.
Мен дагы ойлоном, убакыт көрсөтөт. Шайлоо чоң саясий иш-чара. Андан дагы бири-бирибизди каралабай, маданияттуулук менен өтүшүбүз керек.