Атамбаев дагы туруп кетип калды. Бирок УКМК сотту башка себеп менен жылдырды

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии
Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Процессти Биринчи май райондук сотунда өткөрүү боюнча сунуш келип түшүп, бирок ал маселени кароону кийинки отурумга калтырышты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Криминалдык төбөл Азиз Батукаев боюнча УКМКнын имаратында боло турган соттун көчмө отуруму кайрадан башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

"Жараян шектүүлөрдүн бири катары суралып жаткан академик Абдухалим Раимжановдун ден соолугунун начарлыгынан кийинкиге жылдырылды. Андан сырткары, нааразылыгын билдирген Алмазбек Атамбаев сот зал деп белгиленген жерден кайрадан туруп кетип калды", — деди Слесарев.

Юрист кийинки сот отурумунун 9-январга белгиленгенин кошумчалады. Процесс кайрадан эле УКМКнын ичинде болмокчу. Отурумду Биринчи май райондук сотунда өткөрүү боюнча сунуш келип түшүп, ал маселени кароону кийинки отурумга калтырышты.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурда процесс УКМКнын ичинде болгон. Адвокат ишти кароону Атамбаевдин катышуусуз өткөрүүнү суранганын, бирок сот андан дагы баш тартканда мурдагы президент ордунан туруп кетип калган.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пакетте маанилүү документ болгон! Прокуратура Атамбаевдин адвокаттарын күнөөлөөдө
2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0