00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Билим алуу менен эс алууну айкалыштырса болот - Жайында китепканаларда жаштарга кандай шарт түзүлгөн?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Туура тамактануунун орду чоң. Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен кантип туура алектениш керек?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Филологи, философы, медиаспециалисты — кого готовят в КРСУ сегодня
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Күнгө күйүү — теринин досубу же душманыбы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Талантливая молодежь и нехватка простого оборудования: беседа о работе Национального онкоцентра
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Энергетическая дипломатия для Центральной Азии: новый сезон школы фонда Горчакова
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген кыргызстандык ишканалардын саны 462ге жетти – Бул тизмеге киргендер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болот?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Агасынын колу-бутун байлап сууга чөктүргөн. 10 жыл мурдагы кылмыштын бети ачылды

Жазылуу
2010-жылы 4-январда Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Касансай дарыясындагы көпүрөнүн алдынан жашы болжол менен 45-50 курактагы азиат тектүү эркек кишинин сөөгү табылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облустук милициясы 2010-жылы жасалган кылмыштын бетин ачкандыгын аталган милициянын маалымат кызматы билдирген.

2010-жылы 4-январда Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Касансай дарыясындагы көпүрөнүн алдынан жашы болжол менен 45-50 курактагы азиат тектүү эркек кишинин сөөгү табылган. Анын колу-буту байлануу болгон.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арча-Бешикте 57 жаштагы эркекти бычактаган шектүү изделүүдө
Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлгөнү менен маркумдун ким экени аныкталбагандыктан кылмыш иши өндүрүштөн убактылуу токтотулган.

Бирок 2019-жылдын 9-сентябрында иш жандандырылып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

Алынган оперативдик маалыматтын негизинде маркум Ала-Бука районунун 1972-жылы туулган тургуну Мухтар Инамов экендиги такталган. Анын сол далысындагы кылычтын сүрөтү тартылган татуировкасынан жана маңдайындагы эки даана сары металл тишинен апасы менен карындашы тааныган.

Маркумдун 1975-жылы туулган А.Б. аттуу энелеш иниси шектүү катары карала баштаган.

"Ыкчам иликтөө иштери учурунда шектүү А.Б. мас болуп 2009-жылдын ноябрь айынын орто ченинде Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында өзүнүн бир тууган агасы 1972-жылы туулган Мухтар Инамовдун колу-бутун жип менен байлап, денесине бир нече жолу койгулап, тепкилеген. Андан кийин "Москвич" үлгүсүндөгү автоунаасынын багажына жүктөп алып, жолдо бара жатканда автоунаанын арткы багажнигинен тепкилеген үндү угуп ал токтогон. Багажникти ачканда агасынын кыймылсыз жатканын көрүп, кылмышты жаап-жашыруу максатында сөөгүн Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы чоң сайга алып барып, анын мойнуна таш байлап, чөктүрүп жиберген. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Б. жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Учурда сотко чейинки иликтөө ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0