БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына карата "Кыргыз-Кытай: тарых жана азыркы заман" деген аталышта жогорку окуу жайлар арасында илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чара эртең, 25-декабрда, Кыргыз-орус Славян университетинин башкы корпусунда саат 10.00дө башталып, мугалимдер жана студенттер катышат.
Анда укук, саясат жана экономика жаатындагы кыргыз-кытай алакасы тууралуу маселе ортого салынат. Ошондой эле Кытайдын тарыхы жана маданияты жөнүндө кеп болмокчу.