"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнө алданып жүргөн келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Ушул тапта айламды таппай, кыйналып турган кезим. 14 жылдан бери чогуу жашаган күйөөм мени бетпактык менен алдап жүрүптүр. Ал жөн гана башка аял таап алса, балким, мынчалык туталанмак эместирмин.
Алгач анын менден оолактай баштаганын байкадым. Үйгө мен уктап калганда келет. Эмне десем тойдомун деп коёт. Эрте келип калган күндөрү төшөккө биринчи жатып уктап калат. Башында элес алчу эмесмин, кийин тынчым кете баштады. Аял катары анын мага көңүл бурушун кадимкидей эңсеп, күтчү болдум. Чарчадым, маанайым жок, тиги жинге тийди, бул кыжырымды келтирди деп, акыры мени менен болбоонун жолун табат. Айлам кеткенде, башка бирөөнү таап алган го деп ачык сүйлөшүүнү чечтим. Ошол күнү өзү дагы сүйлөшкүсү келип жүргөндөй түр көрсөтүп, "менин ден соолугум жакшы болбой жатат, төшөктө алсыз болуп калдым" деген мааниде көп сөздөрдү айтты. Мунусун угуп алып, башка аял жок экенине бир чети сүйүнүп, экинчи жагынан эми ден соолугун кантебиз деп ого бетер санаага баттым.
Ошондон тарта интернетти казып, тааныш дарыгерлер менен сүйлөшүп көрдүм. Көп жылдан бери уролог болуп иштеп жүргөн эже "эркектер бел кубаты кетип, импотенцияга кабыла баштаганда психологиялык жактан аябай жабыркайт. Өзүн эч кимге кереги жок кишидей сезип, чүнчүйт, күйөөңө көп катуу сөз айтпай, алдап-соола, жардам бер" деди. Аны угуп алып мен такыр эле күйөөмдүн көзүн карап, кыл жугузбай бөпөлөп калдым. Ого бетер намысына тийбейин деп бир нече убакыт "жанына" жологон жокмун. Эч нерсе болбогондой, жаркылдап тосуп алып, күлүп-жайнап жумушуна узатып жүрдүм. Бирок көпкө чыдай алган жокмун. Мен деле тирүү адаммын да. Бир күнү дарылана баштабайсыңбы деп кеп козгосом, ороңдоп кагып койду.
Үйгө келгенине он чакты күн болду. Эч ким биринчи сөз баштагысы келбейт. Чынын айтсам эмне кыларымды билбей калдым. Ажырашып кетейин дейм, үч балам атасыз чоңоёбу? Баарын унутуп жашай берейин дейм, мени аял катары көрбөгөн эркекке кантип калган жашоомду коротом?
Перизат Калмаматова, психолог:
— Урматтуу автор, чындап эле абалыңыз татаал экен. Бирок сөздөрүңүздөн жашоону баалай билген жан экениңиз билинип турат. "Мени баалабаган адамга калган өмүрүмдү коротомбу?" деген суроону койгонуңуз, сиздин өзүңүздү сыйлап, жашоого реалдуу карай турганыңыздан кабар берип турат.
Менин кеңешим — азыр эч кандай чечим кабыл албаңыз, күйөөңүздү дагы мажбурлабаңыз. Сүйгөн адамга алданып калуу психологиялык оор сокку. Андан жабыркап турган адам эч качан туура чечим кабыл ала албайт. Кийин өкүнүп калбаш үчүн өзүңүзгө жана жолдошуңузга убакыт бериңиз.