БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Окумуштуулар Антарктидада иштегенге макул боло турган кара жумушчу издеп жатат. Бир жылдык айлыгы 126 миң долларды түзөт. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.
2020-2021-жылдары кызмат кыла турчу адамды Антарктидадагы австралиялык ишкана издөөдө. Окумуштуулар кызматчы эмне жумуштарды аткарып берерин тактаган эмес. Жаңы кызматкерге жылына 126 миң доллар төлөнүп, тамак-аш, жатаканасы бекер болот.
Антарктидага барып иштөөнү каалагандар эки баскычтан өтөт. Анда маектешүү болуп, иш билги сапаттары аныкталат. Тиешелүү документтерди 2020-жылдын 23-январына чейин тапшыруу керек.