00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктар кайсы өлкөлөрдө акысыз билим ала алат? Жол-жобосу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосковский государственный гуманитарно-экономический университет
Московский государственный гуманитарно-экономический университет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлөрдө бакалавр, магистратура жана аспирантурада билимин жогорулатам дегендер үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги материал жасады. Анда гранттык негизде кайсы өлкөлөрдө билим алууга болору жана ал жактарга тапшыруунун жол-жобосу тууралуу баяндалган.

Кыргызстандыктардын акысыз билим алуусу үчүн учурда үч өлкө орун берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Алар Кытай, Венгрия жана Индия. Башка мамлекеттер менен өлкө аралык келишим бар, бирок алар азырынча сынак жарыялай элек.

Венгрия — 75 гранттык орун

Бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатаканалардагы жашоо-шарт жакшыртылмай болду. Министрдин буйругу
Венгрия кыргызстандыктарга 2020-2021-окуу жылына карата 75 бюджеттик орун бөлгөн. Анын 30у бакалавр — айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалымат технологиялары, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары боюнча берилген. Ушул эле багыттар боюнча магистратурага да 30 орун берилген. Ал эми докторантурага 15 орун берилип, каалоочулар бардык багыт боюнча тапшырса болот. Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Ал эми тескөө иштерин "Темпус" коомдук фонду жүргүзөт.

Бул программанын талаптарынын бири — окууга тапшыра турган адамдын жаш курагы 18 жаштан кем болбошу керек.

Түзүлгөн шарттар:

  • акысыз окуу;
  • окуусун аяктаганга чейин ай сайын бакалавр жана магистратурада окугандарга 40 460 форинттен (10 миң сомго чукул) стипендия, ал эми докторантурада окугандарга 140 000 форинттен (35 миң сомго чукул) стипендия берилип турат.
  • жатакана;
  • медициналык камсыздандыруу.

Венгрияга барууну каалагандар 2020-жылдын 15-январына чейин системасына катталып, керектүү документтерин тапшырышы керек. 2020-жылдын 31-январына чейин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине документтерди кагаз түрүндө жеткирип бериши зарыл.

Керектүү документтер:

  • Арыз;
  • арыз ээсинин анкетасы;
  • арыз ээсинин резюмеси;
  • жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү (же ID картасы);
  • жетишкендик тууралуу окуу жай тарабынан бекитилген көчүрмө (транскрипт);
  • англис тилди билгендигин тастыктаган сертификаттар (TOEFL, IELTS);
  • үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалымкат;
  • сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар (магистрант жана докторанттар үчүн) талапкердин ийгилиги тууралуу жана башка документтер;
  • 086 формасындагы медициналык маалымкат;
  • СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат.

Кытай — 13 гранттык орун

Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Кытай Кыргызстандын жарандарына 2020-2021-окуу жылында акысыз окууга 13 орун берген. Анда бакалавр, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы болуп төрт багыт боюнча тандоо жүрөт. Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт.

Кытайда билимин жогорулатам дегендер керектүү документтерин 2019-жылдын 30-декабры саат 17:00гө чейин Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу керек.

Керектүү документтер:

  • Арыз;
  • Анкета;
  • англис жана орус тилдеринде резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу көчүрмөсү;
  • кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө);
  • англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);
  • 3х4 формасындагы алты сүрөт;
  • СПИД менен оорубагандыгын тастыктаган маалымкат;
  • окуу жайы тарабынан эки сунуш кат (англис тилинде);
  • үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Талаптары:

  • "Кытай тил такшалмасы" программасын тандай турган болсо, арыз ээсинин жаш курагы 18 жаштан жогору болушу керек;
  • "Бакалавр" программасы боюнча — 18 жаштан 25 жашка чейин;
  • "Магистратура" программасы боюнча — 35 жашка чейин;
  • "Докторанттар" программасы боюнча — 40 жашка чейинкилер болушу керек.

Индия — алты орун

Зимняя сессия в Грозненском нефтяном институте - Sputnik Кыргызстан
Студенттер окуу жайдагы "баш оорудан" кутулат. Министрликтин убадасы
Индия менен өлкө аралык келишим жок. Бирок быйыл ал жактын элчилиги Кыргызстанга алты орун берген.

Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди Индиянын маданият мамилелер кеңешинин сайтына кирип онлайн түрүндө толтурууга тийиш.

Андан сырткары, төмөндө көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирүүсү керек. Дареги: Бишкек шаары, Махатма Ганди көчөсү, 100-А. Байланыш номери: 0312 97 92 56.

Түзүлгөн шарттар:

Ай сайын стипендия төлөнүп турат. Алсак:

  • Бакалавриат — 250 доллар (18 миң сомго чукул)
  • Магистратура — 280 доллар (20 миң сомго чукул)
  • Докторантура — 310 доллар (22 миң сомго чукул)

Мындан сырткары, жатаканасын төлөп берет.

Керектүү документтер:

  • Арыз;
  • паспорт;
  • 3,5x4,5 формасындагы сүрөт;
  • сертификат, диплом, ардак грамоталар, макала жана илимий публикациялар сыяктуу талапкердин ийгилигин тастыктаган документтер;
  • окуган жеринен кат же мүнөздөмө;

Англис тилин билүү шарт, бирок тил билүү деңгээлин текшерген тест Индияда өткөрүлөт.

Документтерди толтуруп жатканда алардын көчүрмөсүн гана жөнөтүү кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0