Мэрдин убадасы аткарылган жок! "Ош" базарында кайрадан митинг өтүүдө. Сүрөт

© Sputnik / Нурис Алымбаев"Ош" базарынын аймагындагы "Берекет универсал" кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты
Ош базарынын аймагындагы Берекет универсал кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысынын убадасы эки айдан бери аткарылбаганына нааразы болгон 500дөн ашуун соодагер чогулуп турат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. "Ош" базарынын аймагындагы "Берекет универсал" кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты.

© Sputnik / Нурис АлымбаевНа мини-рынке "Берекет универсал" Ошского рынка вновь проходит митинг продавцов
Ош базарынын аймагындагы Берекет универсал кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Ош" базарынын аймагындагы "Берекет универсал" кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты
© Sputnik / Нурис АлымбаевНа мини-рынке "Берекет универсал" Ошского рынка вновь проходит митинг продавцов
Сатуучулар базар жетекчилиги апрель айында өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү талабын коюуда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Сатуучулар базар жетекчилиги апрель айында өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү талабын коюуда
© Sputnik / Нурис АлымбаевНа мини-рынке "Берекет универсал" Ошского рынка вновь проходит митинг продавцов
Ошондой эле алар мындан эки ай мурун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун 10 күндүн ичинде электр кубаты берилет деген убадасы аткарылбаганына нааразы болушууда - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ошондой эле алар мындан эки ай мурун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун "10 күндүн ичинде электр кубаты берилет" деген убадасы аткарылбаганына нааразы болушууда
© Sputnik / Нурис АлымбаевНа мини-рынке "Берекет универсал" Ошского рынка вновь проходит митинг продавцов
Мындан улам митингчилер калаа башчысынын келишин талап кылышты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мындан улам митингчилер калаа башчысынын келишин талап кылышты.
1/4
"Ош" базарынын аймагындагы "Берекет универсал" кичи базарынын 500дөн ашуун соодагери митингге чыкты
2/4
Сатуучулар базар жетекчилиги апрель айында өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү талабын коюуда
3/4
Ошондой эле алар мындан эки ай мурун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун "10 күндүн ичинде электр кубаты берилет" деген убадасы аткарылбаганына нааразы болушууда
4/4
Мындан улам митингчилер калаа башчысынын келишин талап кылышты.

Сатуучулар базар жетекчилиги апрель айында өчүрүп кеткен электр энергиясын кайра кошуп берүү талабын коюуда. Ошондой эле алар мындан эки ай мурун Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун "10 күндүн ичинде электр кубаты берилет" деген убадасы аткарылбаганына нааразы болушууда. Мындан улам митингчилер калаа башчысынын келишин талап кылышты.

Бирок анын ордуна вице-мэр Азиз Алымкулов, аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жана Ленин районунун акими Токтосун Султанов барды.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
Жеринде жүргөн кабарчынын айтымында, базардын тегерек-четин милиция кызматкерлери курчоого алып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турат.

Эскерте кетсек, "Берекет универсал" кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалууда. Буга каршы болгон соодагерлер жыл башынан бери эле митингге чыгып, мамлекеттик органдарга кайрылып келишет. Алар эгер базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы.

Митингчилер "Берекет универсал" кичи базары жайгашкан жер мэрияга карагандыктан жеке адамга таандык "Берекет" компаниясынын карамагынан чыгарылсын деген талапты коюуда. Эгер муниципалдык базарга айланса, мэрияга бир айда ижара акысынан эки миллион сом түшөрүн айтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0