https://sputnik.kg/20191211/rossiya-uj-bulo-ayaly-bagat-1046480770.html
Россия шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызын аялдар багат
Россия шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызын аялдар багат
Sputnik Кыргызстан
Иликтөө жүргүзгөн ишкана ири шаарлардын 26 жаштан ашкан, никедеги тургундары арасында сурамжылоо жүргүзгөн. 11.12.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-12-11T10:27+0600
2019-12-11T10:27+0600
2021-12-16T22:20+0600
https://sputnik.kg/img/103754/52/1037545223_0:436:3000:2124_1920x0_80_0_0_0513ace0fcca984b6092099b897059db.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103754/52/1037545223_0:0:2832:2124_1920x0_80_0_0_0dbb77bae696f6aa564fc1de470c936b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, россия
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, россия
Россия шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызын аялдар багат
10:27 11.12.2019 (Жаңыртылды: 22:20 16.12.2021) Иликтөө жүргүзгөн ишкана ири шаарлардын 26 жаштан ашкан, никедеги тургундары арасында сурамжылоо жүргүзгөн.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россиянын ири шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызынын бюджети аял киши тапкан акчадан турат. Мындай иликтөөнү "Райффайзенбанк" жасаганын РИА Новости жазды.
Банк ири шаарлардын 26 жаштан ашкан, никеде турган жашоочулары арасында сурамжылоо жүргүзгөн.
"Миллиондук шаарлардагы үй-бүлөлөрдүн 40 пайызы көбүнесе эркектин тапканы менен жан багарын айткан. Ал эми аялы менен күйөөсү теңме-тең айлык алган үй-бүлөлөр коомдун 31 пайызын түзөт. 17 пайызы толугу менен эркектин колун карап отурат. Ал эми 13 пайыз үй-бүлөнү аялдар багат", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле банк кызматкерлери каражатты бөлүштүрүү маселесин ким көзөмөлдөрүн иликтеген. Анын жыйынтыгына караганда, каражатты таап келген адам толугу менен түгөйүнө өткөрүп берет окшойт. Анткени бюджети аял кишинин айлыгынан турган үй-бүлөлөрдүн 83 пайызында каражатты күйөөсү кармайт. Ал эми үй-бүлөсүн өзү баккан эркектердин арасынан 14 гана пайызы акчага ээлик кылат.