ТЭЦ иши боюнча соттолгон аткаминерлер 5,4 млрд. сом төлөп бермей болушту

© Sputnik / Эламан КарымшаковДело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ
Дело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаковдон тышкары Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар болчу.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияга күнөөлүү деп табылган аткаминерлер мамлекетке келтирилген 5,4 миллиард сомдук чыгымды толугу менен төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Дело о коррупции при модернизации столичной ТЭЦ - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ боюнча сот: төрт аткаминер бошотулду
Эске салсак, бүгүн, 6-декабрда, Бишкектин Свердлов райондук сотунда ТЭЦти модернизациялоодогу коррупцияга тиешеси бар аткаминерлердин үстүнөн өкүм чыкты. Анда мурдагы өкмөт башчылар - Сапар Исаков 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 15 жылга, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жыл үч айга эркинен ажыратылды

Ал эми депутат Осмонбек Артыкбаев, экс-министр Ольга Лаврова, ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов менен "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2,5 жылга соттолду. Бирок акыркы экөөнүн тергөө абагында отурган күндөрү эсептелип, сот залынан эркиндикке чыгарылды.

“Соттун чечимине ылайык, жогорудагы адамдар “Электр станциялары" ишканасынын жана Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллард 439 миллион 527 миң 482 сом төлөп бериши зарыл. Мунун ичине конфискацияланган мүлктөрү дагы кирет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган иш боюнча чыгымдарды толтуруу үчүн Осмонбек Артыкбаевдин туугандарынан Башкы прокуратуранын депозиттик эсебине түшкөн 100 миллион сомду Финансы министрлигине которуу чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0