Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСуунун жээги. Архивдик сүрөт
Суунун жээги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 17-ноябрь, жекшемби күнү, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Таласта +7…+12, Чүй менен Ысык-Көлдө +5…+10, Нарын жергесинде +4…+9, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +8…+10 градуска жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0