Жээнбеков бүгүн, 16-ноябрда, 61 жашка толду. Буга карата Sputnik Кыргызстандын кабарчысы элдин президентке болгон каалоо-тилегин угуп келди. Мамлекет башчыны кыргызстандыктар эле эмес, чет элден келген коноктор да туулган күнү менен куттукташты. Ошондой эле учурдан пайдаланып, бюджетте иштегендердин маянасын жогорулатып, шаарларды көрктөндүрүүнү суранышты.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Телман айылында туулган. Кыргызстанды 2017-жылдын 24-ноябрынан тарта башкарып келе жатат.