БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Чоң Чүй каналынан сөөгү табылган киши Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Лим Чанг Су аттуу кишинин сөөгү 15-ноябрда табылган. Бир ай мурда анын досу милицияга кайрылып, Чанг Су "Золотой дракон" мейманканасынан чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аныкталгандай Лим Чанг Су тийиштүү документтери жок болгондуктан досуна Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетүүгө жардам берүүсүн суранган. Мындан улам ал аны таанышы менен жолуктурган. 15-октябрда экөө чек ара тарапты көздөй жөнөшкөн.
"16-октябрга караган түнү милицияга кайрылган кишинин тааныштары Лим Чанг Су чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганын, бирок казак чек арачылары айгай көтөргөндөн кийин жоголуп кеткенин айтышкан", — дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.