БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкектеги борбордук стадиондо өткөн Кыргызстан менен Япония командаларынын футбол беттешин көрүүгө ЖК төрагасы Дастан Жумабеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер да барды.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан сүрөттөрдөн күйөрмандык кылган Абылгазиевди, спикер Жумабековду, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, вице-спикер Мирлан Бакиров, вице-премьер Жеңиш Разаков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана бир топ депутаттарды көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, оюн 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү. Кыргызстандыктар 0:2 эсебинде жеңилип калганына карабастан татыктуу оюн көрсөттү.
Улуттук команда Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма менен F тайпасында. Группада Япония лидерликти эч кимге бербей келе жатат. Кыргызстан экинчи орунда.
Кийинки беттеште Кыргызстандын командасы өз талаасында тажикстандык атаандаштары менен кез келет. Оюн 19-ноябрга белгиленген.