Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туманов: Макмалда 1-2 айдын ичинде алтын казуу иштери башталат

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель Совета Директоров ОсОО Макмал Год Компани Алмаз Туманов
Председатель Совета Директоров ОсОО Макмал Год Компани Алмаз Туманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Алмаз Туманов бир жылдан бери токтоп турган "Макмал" алтын комбинаты кайрадан ишке киргени жатканын айтты.
Туманов: Макмалда 1-2 айдын ичинде алтын казуу иштери башталат

Бүгүнкү күндө "Макмал" алтын комбинатындагы иштетилген топурак калдыктарына жүргүзүлгөн чалгындоо иштери дээрлик 90 пайызга аяктады. Алтын казууга уруксат алсак өндүрүш иштери 1-2 айдын аралыгында башталат. Бул тууралуу Алмаз Туманов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган комбинаттагы иштетилген топурак калдыктарында болжол менен үч тоннадай алтын бар.

"Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын программасына ылайык, учурда эң башкы максатыбыз — чалгындоо иштери. Ага ылайык, азырынча алтын комбинатындагы иштетилген топуракты жана калдыктарды сактоочу жайды текшерип жатабыз. Себеби андай жерлерде казуу иштерин жүргүзүү үчүн уруксат алуу жеңил. Ошол себептен "Макмал" алтын комбинатындагы 8 миллион тонна иштетилген топурак калдыктарынын 4 миллион тоннасына чалгындоо жүргүздүк. Натыйжада ал жакта 3 тонна алтын запасы бар экени аныкталды. Азыркы учурда бардык тийиштүү документтерди чогултуп Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жөнөтөлү деп турабыз. Эгер уруксат кагаздары убагында берилсе, 1-2 айдын аралыгында өндүрүш иштери башталат. Андан сырткары, комбинаттын калдыктарды сактоочу жайын да 2 миң метрдей бургулап, ал жерден да алтын бар экенин аныктадык. Бүгүнкү күндө Россия жана Кытайдын калдыктарды сактоочу жайларды иштетүүчү компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Туманов.

Ошондой эле ал "Макмал" алтын комбинатындагы чалгындоо иштери 3-4 ай мурун башталганын жана бул убакыт аралыгында 315 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгонун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0