БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Парламенттин депутаттары октябрь айында кайсы мамлекеттерге командировкага барып келгени Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, эл өкүлдөрү төмөнкү өлкөлөрдө болуп кайтышкан.
- Япония — беш депутат;
- Улуу Британия — 1;
- Марокко — 3;
- Белоруссия — 3;
- Кытай — 1;
- Малайзия — 1;
- Латвия —7;
- Литва — 7;
- Россия — 23.
Белгилей кетсек, айрым депутаттар эки мамлекетте болууга жетишкен. Мисалы, Латвия менен Литвага, Белоруссия менен Россияга барышкан.