Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды сатыкка чыгарды. Баасы жана сүрөтү

© Фото / пресс-служба НБКР"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасы
Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары монетасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 5-ноябрда, Улуттук банк "Кыргыз каганатынын доору" сериясындагы жез-никель жана күмүштөн жасалган коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу аталган банктын сайтына жарыяланды.

© Фото / пресс-служба НБКР"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" монетасы
Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды сатыкка чыгарды. Баасы жана сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" монетасы

Маалыматка караганда, монеталар "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы", "Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" деген аталышта.

Коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылды.

© Фото / пресс-служба НБКР"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасы
Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды сатыкка чыгарды. Баасы жана сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасы

Күмүш монетанын баасы — 2650 сом, жез-никелдики — 380 сом. Күмүш монеталардын тиражы бир миң даана болсо, жез-никелдики — беш миң даана.

"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө "Кыргыз кумурасы/ Kyrgyz vase" жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген", — деп айтылат маалыматта.

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргызстандын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу бар. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Завод цветных металлов Красцветмет в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын валюталык резерви көбөйдү
"Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары" монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган "Улуу кыргыз каганаты" деген жазуу Орхон-Енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы "Сырга/Earring", салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргызстандын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0