Сулайманов: эсиңер барда этегиңерди жыйгыла, уят болуп каласыңар

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап жатат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов уранды казуу адамзатка каршы келе турган жорук экенин билдирип, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраевдин айткандарын сынга алды.

Бүгүн Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карап жатат.

Урановые шахты близ Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 300 млн. тонна уулуу калдык сакталып турат
Ибраев жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, Кара-Балтадагы уранды кайта иштеткен завод жабылып калышы ыктымалдыгын жана ишкерлер өкмөттү сотко бериши мүмкүндүгүн айткан.

Сулайманов Сары-Жаз, Кажы-Сай, Кызыл-Омпол биосфералык аймактарга кире турганын, ал эми Миң-Куш менен Майлуу-Суу андай аймактарга кирбей турганын айтты. Ошол эле учурда акыркы эки аймактагы абал бүгүнкү күнү оор экенин белгилеп, аны менен күрөшүүгө Кыргызстандын өз күчү жетпей, башка жактардан акча сурап жатканына токтолду.

"Азыр бул жерде бизге акылдуу болуп экономиканы үйрөтөсүз. Бүт дүйнө экологияны коргоп жатат. Кыргызстан жаңы технологиялар менен иштесе болот деп жатасыңар, кайсы технология бар? Бүгүн 50 жыл өткөндөн кийин да анын азабын (Миң-Куш менен Майлуу-Суу — ред. ) тартып жатабыз. Бул жерде экономикага, инвесторлорго зыян келип, ишканалар жабылып жатат дегенди башка жакта айткыла. Уран деген адамзатка каршы экенин кантип түшүнбөйсүңөр? 50 жылдан бери азабын тарткан, дагы да азабын тарталы деп жатасыңарбы?", — деди депутат.

Сулайманов өкмөттүн өкүлү уран боюнча эл митингге чыкканда кайда жүргөнүнө кызыкты.

"Ошондой эле кыйын экенсиңер, эл митингге чыкканда кайда жүрдүңөр эле? Эми бүгүн келип алып акыл үйрөтөсүңөр. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла, уят болуп каласыңар", — деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Суванбеков СССР учурунда Кара-Балта заводу иштеп турганда дарыгерлер жылына эки жолу келип, элдин саламаттыгын текшерип турганын айтты. Бүгүн андай текшерүү таптакыр жок экенин, эл арасында рак менен ооругандар көбөйүп жатканын кошумчалады.

Ибраев Кара-Балтадагы завод 2015-жылдан бери сырье жоктугунан иштебей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0