Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ЖМКнын адам тагдырына тийгизген таасири. SputnikPro долбоору

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мастер класс SputnikPro деп аталган билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 28-октябрь күнү саат 13:00дө өтөт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева студенттерге, болочок журналисттерге жалпыга маалымдоо каражаттарынын адам тагдырына тийгизген таасири тууралуу айтып бермекчи. Ошондой эле акыркы учура журналистика тармагындагы жаңычылдыктын бири болгон лонгриддин кандай жасаларын түшүндүрөт. Андан сырткары, журналист кызыктуу каарманды кантип табышы керектиги жөнүндө да ой бөлүшөт.

Иш-чара SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда 28-октябрь күнү өтөт.

Мастер-класска катышуу акысыз, орундар чектелүү. Катталуу үчүн телефон: (312) 98-60-27, 98-69-47.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстандын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0