00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Участие и роль ЕАБР в развитии Евразийского региона
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Айыл чарба тармагында бул жылы аткарылган ат көтөргүс иштер
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Атайын билим берүү: система жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Парламентте гендердик квотаны 50 пайызга жеткириш керекпи? Серепчи менен маек
13:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдүн Каркыра айылында окуучулар мончодо окуп жатат. Сүрөт

© © SputnikЫсык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин башкы корпусу Сан-Таш айылында. Ал эми башталгыч класстардын мектеби айылдан 17 чакырым алыс жайгашкан.

КАРАКОЛ, 3-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат.

Ж. Асылбаев атындагы мектептин өзү чек арадагы Сан-Таш айылында жайгашкан. Эки айылдын ортосу 17 чакырым. Аталган мектеп ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан облус аймагында авариялык абалда деген 24 мектептин бири.

© © SputnikЫсык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат.
© © SputnikЖ. Асылбаев атындагы мектептин өзү чек арадагы Сан-Таш айылында жайгашкан.
Ж. Асылбаев атындагы мектептин өзү чек арадагы Сан-Таш айылында жайгашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Ж. Асылбаев атындагы мектептин өзү чек арадагы Сан-Таш айылында жайгашкан.
© © SputnikЭки айылдын ортосу 17 чакырым. Аталган мектеп ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан облус аймагында авариялык абалда деген 24 мектептин бири.
Эки айылдын ортосу 17 чакырым. Аталган мектеп ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан облус аймагында авариялык абалда деген 24 мектептин бири. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Эки айылдын ортосу 17 чакырым. Аталган мектеп ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан облус аймагында авариялык абалда деген 24 мектептин бири.
© © SputnikМектепте филиалды кошкондо 58 бала окуйт. Башталгыч классты аяктагандар окуусун Каркыра айылынан башка аймактарда улантат.
Мектепте филиалды кошкондо 58 бала окуйт. Башталгыч классты аяктагандар окуусун Каркыра айылынан башка аймактарда улантат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мектепте филиалды кошкондо 58 бала окуйт. Башталгыч классты аяктагандар окуусун Каркыра айылынан башка аймактарда улантат.
1/4
Ысык-Көл облусунун Каркыра айылындагы Советтер Союзу учурунда салынган мончонун бир бөлмөсүндө башталгыч класстын окуучулары окуп жатат.
2/4
Ж. Асылбаев атындагы мектептин өзү чек арадагы Сан-Таш айылында жайгашкан.
3/4
Эки айылдын ортосу 17 чакырым. Аталган мектеп ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан облус аймагында авариялык абалда деген 24 мектептин бири.
4/4
Мектепте филиалды кошкондо 58 бала окуйт. Башталгыч классты аяктагандар окуусун Каркыра айылынан башка аймактарда улантат.

Мектепте филиалды кошкондо 58 бала окуйт. Башталгыч классты аяктагандар окуусун Каркыра айылынан башка аймактарда улантат.

Советтер Союзу учурунда мончо болгон имараттын бир бөлүмүндө фельдшердик-акушердик пункт жайгашкан. Ал жактын вентиляция системасын алмаштырып, ашкана куруу керек. Спорт зал болбогондуктан кышында дене тарбия сабагы класста өтүлөт.

Башталгыч класстардын мугалиминин бири Чолпон Туратованын айтымында, мектеп өтө эле чакан. Андыктан 1-3-класстар үчүн жана 2-4-класстар үчүн сабакты бир мугалим берет. 45 мүнөт ичинде мугалим эки класска эки жаңы тема өтүшү керек.

"Бул биз үчүн да, окуучулар үчүн да, албетте, оор. Жалпысынан бизде азыр 13 окуучу бар. 1-класста бир окуучу, үчөө 2-класста, 3-класста да үчөө жана 4-класста алты окуучу бар", — деди ал.

Жергиликтүү тургун Урмат Курмановдун 1-класста баласы окуйт. Ал үч жылдан кийин баласын башка айылдан окутушу керек.

"Балам башка жакка деле көпкө кете элек, бизди сагынат го. Дагы жакшы ал жакта тааныштарыбыз бар, алар да балдарын туугандарыныкына же тааныштарына жиберишет", — деди ал.

Бирок ал жакта да 9-класска чейин эле билим берилет. Балдар 10-11-классты дагы башка жактан бүтүшөт.

Открытие школы в селе Кенеш Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Контейнер мектепте окуган балдар көчтү. Жаңы класстардын сүрөтү
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Урмат Ишенбаев имарат өткөн кылымдын 70-жылдары курулганын айтат. Желдетүү системасы жок болгондуктан оңдоп-түзөлгөнүнө карабастан полу чирип кеткен.

Ал эми Сан-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Жапаров жаңы мектеп салуу керектигин, бирок ага айылдын күчү жетпей турганын айтты. Ал ошондой эле быйыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Каркыра айылына 100 орундуу мектеп салуу үчүн каржылоо каралганын кошумчалады. Акча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан берилет. Жергиликтүү тургундар 2020-жылы жаңы мектептин курулушу башталат деп ниет кылышууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0