Жалган менен өмүрүбүз чырмалды! Эгемберди Эрматовдун нускасы

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Эгемберди Эрматов
Председатель Национальной  комиссии по государственному языку при Президенте КР Эгемберди Эрматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын, драматург Эгемберди Эрматовдун нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Народный поэт КР Рамис Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Турмуш дудукту да кол жаңсатып сүйлөтөт! Рамис Рыскуловдун нускасы
Эгемберди Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Жети жашында атасынан, 14 жашында энесинен айрылган. Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун аяктагандан кийин 1979-жылы бир нече гезит-журналдарда эмгектенген. "Кыргызстан маданияты", "Кыргыз руху" гезиттеринде, "Мурас", "Тулпар" журналдарында адабий кызматкер, бөлүм башчы, баш редактордун орун басары, баш редактор болуп иштеген. Эрматовдун он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогика институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак бергени да маалым. Акындын "Ак дил", "Шаар жана тоолук", "Өмүр издери", "Саймалуу таш", "Махабат", "Мухаммед пайгамбар",  дагы бир топ ырлар жыйнагы жана поэмалары жарык көргөн.

2010-жылдан тартып Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Өзүнүн эскерүүлөрүндө Эрматовдун "эл өкүлү болуу өзгөчө жаш жогорулап калганда оңой эмес вазийпа" экендигин айтканы бар. Акын, драматург, котормочу 2017-жылы 66 жаш курагында каза болгон.

Эгемберди Эрматовдун нускасы:

Мынча ширин, азгырыктуу бул өмүр,
Улам жаңы үмүт берип жылт эткен?
Амалын айт, алаксытып түгөнгүр,
Кол жетпеген нерселерге дегдеткен…

Өлүм күтүп тургандыгын унутуп,
Дүйнө-мүлк деп чарк айланып күйөбүз.
Жалган айтып, ыйманды жеп, урушуп
Өзүбүзгө тоодой күнөө үйөбүз.

***

Ар бир башта өлүм барын билебиз,
Кутулбайбыз анын жайган торунан.
Эрте, кечпи көргө барып киребиз,
Айрылабыз тирүүлөрдүн тобунан.

Чектелүү бир ырыскыбыз, күнүбүз
Бар экенин билип туруп жан сабап.
Өлбөй турган пендеге окшоп жүрөбүз,
Энчибизге бир топ кылым бар сымак.

***

Менменсинип кайда барар экенсиң,
Байкуш пенде, билбей чама-чаркыңды?
Өзүңө өзүң ооматтуусуң, көсөмсүң,
Көкөлөтүп көтөрөсүң баркыңды.

Мен дегениң мүлжүп сени жеп тынат,
Кесепеттин алып келет бүт баарын.
Урпагыңа кара тумоо жуктурат,
Кудай Таала бербейт эч бир куткарым.

***

Ким тыйбаса напси менен ынсабын,
Жаза келет билинбей бир тараптан.
Ким бирөөгө кыянаттык кылдыңбы,
Кайтып турат өз башыңа көрүнүп.

***

"Жалган айтпа, жактырбаймын жалганды", –
Деген улуу осуятын унуттук.
Жалган менен өмүрүбүз чырмалды,
Саясатка кетти айланып улуттук.

Мунун түбү кайда барып такалат,
Кайсы жерден чыгат шишик без болуп?
Кайсыл күнү тизгин тартып, такалап,
Коер экен тамыр жайган терс жорук?

Жалган кирип алды коюн, колтукка,
Жойпуланып өңү-түсү өзгөрдү.
Кээ бир жерде өттү чабуул, зордукка,
Курал кылып алып адил сөздөрдү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0