БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков улгайгандар күнү менен карыларды куттуктап, алар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү азыркы муундун милдети экендигин айткан. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, дүйнө боюнча 1-октябрь — Улгайгандардын эл аралык күнү деп белгиленип келет.
"Урматтуу мекендештерим! Кадырман карыялар! Сиздерди карылардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — азыркы муундун милдети", — деп айтылган куттуктоодо.
Президент улгайгандарды бир эле күндө эстеп койбой, ар дайым көңүл буруу керектигин айткан.
Статком жакында эле Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындап бара жаткандыгын билдирген. 2019-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 пайызын түзүп турган.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.