Жыл сайын бирден ТЭЦ! 2022-жылга чейин мамлекеттик карызга канча акча коройт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын мамлекеттик карызга төлөнө турчу акчанын көлөмү өсүп жатат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жакынкы үч жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 100,5 миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу кийинки жана 2021-2022-жылдарга карата пландалган республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.

Алардын көбү тышкы карызды төлөөгө кетет.

Жыл боюнча алып караганда абал төмөндөгүдөй:

  • 2020 — 28 миллиард 818,8 миллион сом;
  • 2021 — 34 миллиард 668,8 миллион сом;
  • 2022 — 36 миллиард 997,8 миллион сом.

Эгер жалпы сумманы Улуттук банктын азыркы курсу (2019-жыл 6-сентябрь) менен эсептегенде 1 миллиард 438,3 миллион долларды түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн 386 миллион доллар насыя алынган болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0