Автоматын таппай төлгөчүгө барган жоокерлер... 90-жылдардагы кылмыштар

Жазылуу
Мындан 25 жыл мурун сентябрь айында бир топ чуулгандуу кылмыштар катталган. Sputnik Кыргызстан агенттиги гезит беттерин барактап айрымдарын тизмектейт.

Төбө чачты тик тургузган окуялардын арасында Бишкектин чок ортосундагы куралдуу кол салуу, уурдалган курал-жарактар да бар.

Бишкектиктерди куруткан ууру

Случаи нападения на человека с ножом - Sputnik Кыргызстан
Келинчегин 41 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Август айындагы соттук чечимдер
Бир нече жолу соттолуп акыркы мөөнөтүндө түрмөдөн качып кеткен жаш жигит бишкектиктерди курутуп келген. Жакшынакай кийинип алып эртең менен эрте көчөгө чыгып, көп кабаттуу үйлөрдүн ачык терезелерин караштырчу. Турак жайга кирүүгө ылайыктуусун тапканда эшикти тыкылдатып, эч ким чыкпаса терезе аркылуу кирип өз ишин жасап кетип калчу. Кээде ал түшкө чейин эле үч-төрт батирди уурдаганга жетишчү. Негизинен ал зер буюмдарды, акча жана жеңил үй техникаларын алып жөнөчү. Жүзгө жакын батирди карактаган эргул үй ээлерин миллиондогон сомго чейинки зыянга учураткан.

Оштун чок ортосундагы атышуу

Мамлекеттик ишканада иштеп кеткен 45 жаштагы адам жеке компаниянын ээсин өлтүрүүгө буюртма берген. Ал кылмышка 13 адам катышкан. Арасында киллерге курал берген Мамлекеттик коопсуздук комитетинин үч кызматкери да болгон. Кол салуу маалында такси унаасынын айдоочусуна да ок тийип, ал көз жумган. Ал эми ишкерге буга чейин эле алты жолу кол салуу болуп, алтоонон тең аман калган. Кийин укук коргоо органдары ал топтун изине түшүп, Ош шаарынын чок ортосунда атыша кетишкен. Андагы кармоо операциясында чекисттер менен кылмышкерлер тирешкен.

Көчөгө гранатомет көтөрүп чыккан

Борбор калаадагы "Тянь-Шань" ресторанына келген конокторду кылмышкер гранатомет менен аткан. Окуя кечкурун болуп, ок унаалардын бирине тийип, анда отурган эки келин катуу жаракат алган. Иликтөө ишине милиционерлерден сырткары атайын кызматтагылар да тартылган. Ок кимге багытталганы билинбеген боюнча калган.

Уйкучу жоокер

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын саткан келин менен эки дарыгер беш жылдан соттолду. Өкүм
Аскерде кызмат өтөгөн жоокер түндө күзөттө туруп уктап калып, колундагы автоматын эки магазин огу менен алдырып ийгенин сезген эмес. Жоокер ойгонгондон кийин жетекчилик аскердин баарына куралды таап келүү тапшырмасын берген. Алар бир нече районду текшерип таппай коюшкан. Айласы кеткен аскер бөлүгүнүн башчысы автоматты тапкан адамга 3000 сом сыйлык бере тургандыгын да айткан. Аскер кызматкерлери төлгөчү, көзү ачыктарга жардам сурап кайрылып, алар куралдын кайсы жерде жатканын айтып беришкен. Укук коргоо кызматкерлери ал үйгө барып мыйзамсыз сакталган эки винтовканы таап чыгышкан. Бирок ал курал-жарак изделген автомат эмес болгон.

Күйөөсүн "тынчыткан" келин

Чоң Чүй каналынан милиционерлер каза болгон эркектин сөөгүн табышкан. Погончондор узак убакыт анын өздүгүн аныктай албай убара болуп, кийин манжалардын изи менен ким экендигин тактаган. Ал буга чейин аялын өлтүрүп темир тор артында отуруп чыккан 47 жаштагы адам болгон. Тергөө маалында маркум мас болуп үйгө келип, экинчи аялы менен балдарына тынчтык бербей койгону аныкталган. Келин эки сиңдиси менен эркекти алдап-соолап төшөккө жаткырып, уктагандан кийин колу-бутун керебетке байлап жип менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң сөөктү велосипедге жүктөп барып, кийимдерин чечип чоң сууга салып жиберген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0