Порьени Макгрегордун тагдыры күтүп жатат! Спорт серепчилеринин божомолу

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC тарыхындагы негизги беттеш 8-сентябрга караган түнү Бириккен Араб Эмирлигинин борбору Абу-Даби шаарында өтөт.

Организация Абсолютный бойцовский чемпионат (UFC) представила презентационный ролик (превью) к поединку чемпион против чемпиона — россиянина Хабиба Нурмагомедова и американца Дастина Порье. - Sputnik Кыргызстан
Жан койбойт го... Хабиб менен Порьенин беттешке даярданган учуру видеодо
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Дастин Порье менен беттешет. Эгер дагестандык спортчу Порьени жеңсе, анын гонорары алты миллион доллардан ашары айтылууда.

Батыштын спорт серепчилери бул кармашта Порье жеңишке жетерин болжолдошууда. Ал эми кыргызстандык талдоочулар Хабибдин чемпион аталарынан күмөн санашпайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жергиликтүү эксперттердин пикирин тыңдап чогултту.

Орзубек Назаров, бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону:

"Мен алдын ала бир нерсе дегенден алысмын. Эрежесиз мушташтын түрүн жарнамалагым келбейт. Хабибди жана анын америкалык атаандашы бар экенин билем. Алардын кармашын көргөм. Бирок эки мушкердин тең эмгек таржымалына кызыгып көрбөптүрмүн. Макгрегор менен мушташын көрбөй коюу да мүмкүн эмес эле. Анткени ирландиялык спортчу бул беттешти жаш балдарга чейин жарнамалап жиберди. Хабиб — негизинен балбан. Ооба, сокку узатканды үйрөнүп алыптыр. Бирок ал Макгрегорду муунтуп жеңди. Алдыда боло турчу беттеш да мындан айырмаланбайт деп ойлойм. Порьени муунтуп жеңүүгө аракет кылат".

Кенжебек Чекиров, Грэпплинг федерациясынын президенти жана негиздөөчүсү:

Организация Абсолютный бойцовский чемпионат (UFC) представила презентационный ролик (превью) к поединку чемпион против чемпиона — россиянина Хабиба Нурмагомедова и американца Дастина Порье. - Sputnik Кыргызстан
Жан койбойт го... Хабиб менен Порьенин беттешке даярданган учуру видеодо
"Спорттук мелдештерди алдын ала божомолдоодон мен этияттанам. Спорт дегенди так билбейсиң. Экөө тең күчтүү мушкер. Ар биринин өзгөчөлүгү бар. Хабиб чыдамкай, кайраттуу спортчу. Партердик күрөшүн дагы бекемдеп, Порьени чарчатса оюн бешинчи раундга чейин жыйынтыкталышы мүмкүн. Америкалык мушкер деле жеңишке жетишсе жаман эмес. Бул спорттун башка маңызын ачмак. Бирок Хабиб жеңет деп ойлойм. Экөө канчанчы раундга жетерин так айтуу кыйын. Жакшы, бутка туруп кармашкан оюн күтүп жатам.

Партерде кармашып жата берсе ММА тузу жок, супсак болуп калат. Порье көк бет, өтө катаал спортчу. Ошонусу менен кызыктуу".

Канай Аламанов, спорттук талдоочу:

"Атаандашына караганда Хабибдин мушташ ыкмасын жакшы билем. Анын атасы балбан. Уулунун UFC уюмундагы ийгиликтери көп. Бул оюнда бардыгы болуп кетиши мүмкүн. Бирок менин пикиримде, Нурмагомедов америкалык спортчуну муштуму менен нокаутка жиберет. Кыскасы, ал жеңет".

Нурсултан Турусбеков, спорттук журналист:

Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко ага чакырык таштаган эркек мушкер Сехудону "утуп алды". Видео
"Хабиб өтө күчтүү грэпплер. UFC уюмундагы эң жеңил балбан. Ал атаандашын беш раундга чейин упай менен жеңет. Батыштын спорттук талдоочулары Порье утат деп айтышууда. Бирок Макгрегордон бир дагы сокку жебеген Хабиб төртүнчү раундга чейин жеңишке жетиши мүмкүн. Мында нокаут болбойт деп ойлойм. Порьени Макгрегордун тагдыры күтүп жатат. Хабиб өз ыкмасы менен жеңишке жетет".

Канат Келдибеков (Тайсон), ММА мушкери:

"Күчтүүсү жеңсин. Көзү ачыктык кылып айткым келбейт. Ким албан аракет кылса, ошол жеңишке жетсин".

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0