БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында атыла турчу фейерверк саат 22:00дө башталат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова Sputnik Кыргызстан радиосунун түз эфиринде билдирди.
Ага ылайык, саат 20:00дө майрамдык концерт башталат.
Кузнецова салют 8 мүнөткө созуларын айтты. Ал ошондой эле пиротехникаларды сатып алууга жарым миллион сомдой акча коротулганын кошумчалады.