БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанга Индонезиядан эт багытындагы букалардын жана текелердин жогорку сапатта тоңдурулган уруктары алып келинди. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта эки өлкөнүн өкмөтү жана Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташуу меморандумунун негизинде 12 500 доза жогорку сапатта тоңдурулган урук алып келингени айтылат.
Анда эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү малдардын төмөндөгү породалары бар:
- Симментал — 2000 доза;
- Лимузин — 2000 доза;
- Ангус — 1500 доза;
- Брахман — 2000 доза;
- Голштино-Фриз — 3000 доза;
Алып келинген урукта эт, сүт багытындагы эчкилердин төмөнкү породалары бар:
- Саанен — 1000 доза;
- Сендуро — 750 доза;
- Боер — 250 доза;
Билдирмеде уруктарды Мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун алдындагы Биотехнологиялык борбордон алууга болору кошумчаланат.