Курсан Асановдун айдоочусу камакка алынды

Жазылуу
Ал 24-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтерди жана буюмдарды мыйзамсыз берген деп кармалган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы Д. уулу П. соттун чечими менен ушул жылдын 23-октябрына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Эске салсак,  ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун айдоочусу, ошол эле убакта жансакчысы 24-августта кармалган.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына тийиштүү ишке байланышкан документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0