00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Соттук иш кандай өттү

© Sputnik / Нурис Алымбаев Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча иш
 Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча иш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президенттин жактоочулары Атамбаевдин кармалышы мыйзамсыз экендигин айтышкан.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бүгүн, 20-августта, Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы боюнча иш каралды.

Отурумдун башында сот тараптарга кайрылып, сүрөткө тартууга мүмкүнбү деп сураган. Прокурор жана тергөө тобунун жетекчиси Эркебек Аширходжаев буга каршы чыкса, Атамбаевдин адвокаттары Замир Жоошев менен Сергей Слесарев колдоду. Сот Абдуразак Боромбаев видео жана сүрөткө тартууга тыюу салып, аудио жаздырууга уруксат берди.

Пострадавший после штурма дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Өзүн атып алган. ИИМ Атамбаевдин тарапташы делген жигиттин өлүмү тууралуу
Андан кийин адвокаттар Атамбаевдин келишин камсыздоону сунуштаган, бирок сот алардын өтүнүчүн аткарган жок.
Белгилей кетсек, соттук отурумда мурдагы президенттин тарапташтарынын арасында улгайган адамдар дагы болду. Арасынан бир аялды сыртка алып чыгып кетишти.

Божомолдор боюнча ал өзүн жаман сезген.

Ошондой эле адвокат Жоошев тергөөнүн дагы башка өкүлдөрү келбегендиктен, отурумду кийинкиге жылдырууну сунуштады, бирок сот ал сунушту да четке какты.

Адвокаттар сөз сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин мурдагы президент макамынан ажыратуу токтомунда аны кол тийбестигинен алуу деген жери жок экендигин жана аны кармоо түндө жүргүзүлгөнүн айтышкан. Өз кезегинде тергөө тобунун өкүлү Атамбаевди күбө катары мажбурлап алып келүү чечими болгон деп жооп берген.

Сот өкүмдү угуп, Атамбаевдин кармалышы мыйзамсыз эмес деген чечимге келген. Анын айтымында, алып келүүгө моюн сунбоо жана аткарбоо мыйзам талаптарына баш ийбегендик болуп саналат.

"ИИМдин тергөө кызматынын чечимин мыйзамсыз же негиз жок жеп тааныганга болбойт. Жактоочу Слесаревдин Атамбаевдин кармалышы боюнча даттануусун канааттандырган жок", — деген сот.

Кой-Таш окуясы

Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

Бүгүн, 20-августта, анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0