Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шейшембиде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. 20-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +24…+29, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +29…+34 градуска жетет. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +31…+33, Бишкекте +30…+32 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +16…+18 градус болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0