Өкмөт 8 жол эреже боюнча айып пулду азайтмак болду. Тизме

Жазылуу
Тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.

Учурда вице-премьер нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынына катышып жатат.

Разаков жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүлөр сунушталып жатканын белгиледи.

"Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдарды азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду", — деди Жеңиш Разаков.

Айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча сунуштардын тизмеси:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;
  • Жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);
  • Унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
  • Коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
  • Жол чырактан уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо;
  • Көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;
  • Ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
  • Сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Маалымат үчүн:

Детский сад в квартале Гропиусштадт в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Эч жерде каттоосу жок балдарга документ берүү жеңилдейт
Мекемелер аралык жумушчу топ Кыргызстандын премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралдагы буйругунун негизинде түзүлгөн. Анын негизги максаты жаңы кодекстер жана мыйзамдардын жетишпеген жактары менен карама-каршы келген кырдаалдарын анализдөө болуп эсептелет. Жумушчу топтун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эки эксперттик топ түзүлгөн. Анын курамына бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун эксперттери кирет.

Эксперттик топтор 20 отурум өткөрдү, анда 120дан ашык мыйзам чыгаруу демилгелери каралган. Өз кезегинде мекемелер аралык жумушчу топ 5 отурум өткөрүп, анда мыйзам чыгаруу боюнча 26 сунушту карады.

Жаңылыктар түрмөгү
0