БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылында 7-августтан бери интернет жок.
Мындан тышкары, мобилдик байланыш да начар болууда.
Белгилей кетсек, 7-августта УКМК Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция баштап, ал ишке ашпай калган. Атышуудан 47 киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза болгон.
Кой-Таштагы абал, бийликтин аракети тууралуу Sputnik Кыргызстан жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан кабардар болуп туруңуз.