БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүндөгү парадды жокко чыгарганы үчүн Украина президенти Владимир Зеленскийге коркунуч туулушу мүмкүн. Бул тууралуу белгилүү теле алып баруучу Владимир Быстряков ZIK телеканалына берген маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Анын божомолунда, өлкөдөгү бийлик алмашканга чейин мамлекеттик кызматта иштегендер Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатканда Зеленскийдин бийлигин аскердик күч колдонуп алып түшүшү мүмкүн.
"Петр Алексеевич (Порошенко — ред.) президенттиктен кетер алдында форма кийген бир топ кишиге орден, медаль берип сыйлаган. Андыктан бул иштин баарына аскерлердин да кийлигишүүсү толук ыктымал. Ушул кезге чейин бизде армия саясатка аралашкан эмес, бирок 24-августта жаңы өкүмзордук чыгып кетпесе экен деп коркуп жатам. Саясаттан күч менен четтетилген кишилер жөн эле өзүнүн ордун бере койбойт", — деди Быстряков.
Украина президентинин аппаратынын башчысы Андрей Богдан Эгемендүүлүк күнүндө Киевдин борборунда аскер парадынын ордуна "Ар намыс жүрүшү" болорун, ага президент Зеленский катышарын айткан болчу.