БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Уэльс шаарындагы (Улуу Британия) Оуэйн Томас аттуу өспүрүм он жылдан кийин чачын тегиздетип, чачтарачтын оозун ачырганын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Акыры ата-энеси өспүрүмдү макул кылдыруу үчүн "тыкан чач жасалга кылабыз" дешкен. Оуэйндин атасы уулу чачтарачтардан коркоруна карабай чечкиндүү кадамга барганын белгилеген.
Өспүрүмдү тейлеген барбер айран таң калганын жашырган эмес.
Boy, 14, who was scared of haircuts has his first trim in 10 years https://t.co/Jd2usshv6o
— Daily Mail U.K. (@DailyMailUK) 26 июля 2019 г.
"Мен биринчи жолу мындай окуяга туш болуп жатам... Картошка тазалагандай эле болдум. Башында кайрылгандардын талабын аткара аларыма көзүм жеткен жок. Алгач чачтын сенейип калгандарын жоготтум", — деген чачтарач Джеймс Уильямс.
Баланын атасынын айтымында, чач баш териден жумуртканын кабыгындай эле ажыраган.
Өспүрүм мындан ары да чачын узартууда барбердин кеңешин алып турарын убадалады.