БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн түштөн кийин Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскертти.
"Бишкек сегодня" Telegram-каналынын колдонуучулары борбор калаада катуу шамал болуп жатканын жазышууда.
ӨКМ кишилерди этият болууга чакырды.
Виджет news