Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХГлава Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов
Глава Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттиктин директору чет элдик жарандан пара алганы кабарланды.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов пара алып жатып кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында 30-июлда агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

"Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан 5 гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренеси менен ("Пара алуу") катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган кызматкерлер УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК аталган агенттиктеги мыйзам бузууларды жашырып койгон деп Эсеп палатасынын башкы инспекторун кармаган. Ал маяна жана башка төлөмдөрдү, кызматтык автоунааларды тейлөө үчүн бөлүнгөн акчалардын негиздүүлүгүн текшерип, жасалма акты түзүп койгон. Кийин кошумча аудит жүргүзүлгөндө финансылык мыйзам бузуулардын жаап-жашырылганы аныкталган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0