БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана үлгүлүү мамлекеттик кызматкер болгон. Мындай билдирүү президент Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлердин көңүл айтуу катында айтылат.
Темирбаев 16-июлда 67 жаш курагында оорудан улам каза болгон. Ал акыркы учурда өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.
"Ал ак жүрөктүгү, чынчылдыгы жана боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын адамдык сапаттары мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү иштөөнү шарттап, алдына коюлган милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келген. Ал ишенимдүү дос, мыкты уюштургуч, үй-бүлөсүнө камкор инсан болгон. Анын жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", — деп айтылат көңүл айтуу катында.
Темирбаев сиңирген эмгеги үчүн "Манас-1000" жана "Даңк" медалы менен сыйланган.