Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдогу жүк ташуучу унаа. Архив
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 10-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин айрым өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Маалым болгондой, абанын температурасы Чүй жана Таласта +30…+35 градус ысык болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +31…+36 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарын жергесинде +23…+28 грудуска чейин ысыйт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +33…+35 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0