БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өкмөт 198 миллион сомдон ашык каражат бөлмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ага ылайык, каражат төмөнкү драма театрларга бөлүнмөй болду:
- Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына — 84 605 100 сом;
- Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына — 97 658 300 сом;
- Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына — 16 000 000 сом.