00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Участники митинга сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева около здания Медиафорума на улице 7 Апреля в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевдин тарапташтары митинг өткөрдү. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Акцияны уюштургандар Кой-Таштан келмекчи.

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрөрүн айтышкан.

Буга чейин алар Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулуп турган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги митингдин жүрүшүнөн онлайн-репортаж жүргүзмөкчү.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:24 03.07.2019

Митингдин соңунда жети пункттан турган резолюция кабыл алды.

Алардын катарында өлкөдөгү мыйзамсыздыкты токтотуп, өкмөт токтоосуз отставкага кетиши керек. Андан сырткары укук коргоо органдарын түп тамыры менен өзгөртүүнү да талап кылышты.

Саясий оппоненттер бошотулуп, алардын ишин адилеттүү тергөө сунушталды.

Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жетекчилер люстрацияланып, мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу маселеси да резолюцияга киргизилди. Бийликтеги эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин деген талап айтылды.

Эгер бул талаптар эки айдын ичинде аткарылбаса элдик штабга президент Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана парламентти таратууну талап кылган массалык нааразычылык акциясын өткөрүү тапшырылды.

18:24 03.07.2019
18:15 03.07.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Форум" имаратынын алдына митингге чогулгандарга сүйлөп жатып, азыркы өкмөт кетип, элдик өкмөт шайланышы керектигин айтты.

18:06 03.07.2019

Алмазбек Атамбаев: сабырдын түбү сары алтын

18:03 03.07.2019

Алмазбек Атамбаев: азыркы парламент тарашы керек

17:59 03.07.2019
17:47 03.07.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайтадан чогулуп тургандардын арасына келип отурду.

17:35 03.07.2019

Алмазбек Атамбаев отурган жеринен туруп, "Форум" имаратынын ичине кирип кеткенин социалдык тармактарда жазып, видеолорду жүктөп жатышат.

17:28 03.07.2019

Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдиргендей, жакын жерде милиция кызматкерлери көрүнбөйт. Адатта укук коргоо органдары шаарда кандай гана митинг болбосун коомдук тартипти сактоо үчүн жүрөт.

17:28 03.07.2019

Учурда аймактардан келген кишилер сүйлөп жатат.

16:28 03.07.2019
16:20 03.07.2019

Бишкек шаардык милициясы кадимки тартипте эле кызмат өтөп жатат.

"Шаар тургундары менен коноктордун кооптонуусуна негиз жок. Шаардын аймагында абал ички иштер органдары тарабынан толук көзөмөлдө турат", - деп айтылат маалыматта.

ШИИБ андан сырткары эгер жарандардын же балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса тезинен милиция кызматкерине, жакынкы милиция бөлүмүнө, же 102 номери аркылуу кайрылуу керектигин эскертет.

15:45 03.07.2019

"Форум" имаратынын алдында митинг башталды.

Митинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:34 03.07.2019

Чогулгандардын арасында депутаттар Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова да жүрөт.

15:32 03.07.2019

Кой-Таштан чыккан жоон топ "Форум" имаратынын алдына келишти. Учурда музыка жаңырып, келгендер топтолууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасай турганын айтышууда.

15:26 03.07.2019
Митинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14:44 03.07.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылына чогулгандар "Форум" имаратын көздөй чыгышты. Кишилерди микроавтобустар ташып келе жатат.

14:27 03.07.2019

УКМКнын маалымат кызматы Алмазбек Атамбаевдин үйүнө мекеменин кызматкерлери бука алып келди деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

УКМК бул маалымат ойдон чыгарылганын айтып, ЖМКларды тастыкталбаган жана акылга сыйбаган маалыматтарды таратпоого үндөдү.

13:53 03.07.2019

Элдик штабдан маалымдашкандай, митингге чыккандар саат 14:40та "Форум" имаратынын алдын көздөй чыгышат.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
13:51 03.07.2019

Ал ортодо Нариман Түлеев Атамбаевдин үйү тарапка болчу жөө жүрүш тууралуу Facebook баракчасына жазган билдирүүсүн өчүрүп салды. Биз анын жазган билдирүүсүн скриншот кылып алганбыз.

 

Публикация Тюлеева в Facebook о подготовке марша против Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
13:13 03.07.2019

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев ага Атамбаевдин үйү тарапка тынчтык митингге чыгууну каалаган миңдей киши кайрылганын айтты.

Ал мындай жол менен Атамбаевдин мыйзамды сактап, өлкөдө туруксуздук кылууга жол бербөөнү көздөп жатат.

Бирок Түлеев уюштуруу иштери жүрүп жаткандыктан жөө жүрүш качан болорун так айткан жок.

13:11 03.07.2019

Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө чогулууда.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
13:08 03.07.2019

Төрага Дастан Жумабеков журналисттердин "Парламент Атамбаевдин айткандарына таарынып эле анын кол тийбестигин алып койгон жокпу?" деген суроо жооп берди.

"Таарынгандай парламент кыз эмес, парламент өзүнүн мыйзамдуу ишин кылды", - деди Жумабеков.

Ал ошондой эле парламент коррупциялык элементтерди көрүп жатканын жана ага унчукпай коюуга мүмкүн болбогонун кошумчалады.

13:03 03.07.2019

Атамбаевдин тарапташтарынын бири Темирлан Султанбеков буканы УКМКнын учурдагы кызматкерлери алып келгенин жазууда.

 

12:58 03.07.2019

Атамбаевдин үйүнүн короосунда учурда 50-70тей киши бар. Мурдагы президент чогулгандар менен жолугуп, бата кылып бука союлду.

Атамбаевдин үйүнүн жанында болжол менен 25тей автоунаа, чакан автобустар турат.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0