Бишкекте борбордук көчөлөрдүн бир бөлүгү жабылат. Карта

Жазылуу
Жолдун үстүңкү катмары жаңыланары айтылды.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта Ибраимов көчөсүнүн Киевден Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси жабыла турганын мэрия билдирди.

Маалыматта аталган тилкеде жүрчү ремонт иштерин "Бишкекасфальтсервис" ишканасы жүргүзөрү айтылат. Жолдун 6-8 сантиметрлик үстүңкү катмары толугу менен жаңыланмакчы.

Оңдоо иштери 27-июндан 30-июнга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0