"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан
Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээки күндүн кечинен бери Германия канцлери Ангела Меркель ЖМКлардын негизги каарманына айланды.

Ангела Меркелдин Германияда Украина президенти Владимир Зеленскийди тосуудагы салтанаттуу аземде калчылдап, жыгылып кетчүдөй болгон видеосу интернетке тарады. Бир мүнөткө созулган бул кырдаалда Украина президенти канцлерге эч кандай жардам көрсөткөн эмес.

Бирок Меркель айым аягында эч нерсе болбогондой басып кетип, андан кийинки иш-чараларга дагы катышты. Анын мындай кайратына интернет колдонуучулар таң берип жаткан кез.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан канцлер айымдын жашоосундагы кызыктуу фактыларды чогултуп көрдү. 

© Sputnik / Сергей Величкин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт. Москва шаары, 2002-жыл
Курманжан датка орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт. Москва шаары, 2002-жыл

14 жылдан бери өлкө башында

Ангела Меркель 1954-жылы 17-июлда Гамбургда жарык дүйнөгө келген. Кыз кезиндеги аты — Ангела Доротея Каснер. Диний үй-бүлөдө чоңойгон. 1961-жылы мектеп босогосун аттап, окуу жайды мыкты деген баага бүтүргөн. Илим жаатында иштеп, саясатка кадам таштайт.

Германиянын федералдык канцлери болуп 2005-жылы дайындалган. Ошондон бери өлкөсүн Европа биримдигинин көзүрү кылып, XXI кылымдагы эң таасирдүү саясатчылардын бири боло алды. Бул жолку канцлердик мөөнөтү 2021-жылга чейин созулат. 

Француз тилин сүйөт

Мектепте окуп жүргөн кезде француз тилине кызыгып, берилип окуган. Бирок ал сабактан берген мугалим канадалык жигитке турмушка чыгып, Германиядан кетип калган. Ошондон кийин жакшы мугалим таба алган эмес. Бирок бул тилге болгон кызыгуусу ушул күнгө чейин калбай келгенин байкоого болот. Канцлер Париж шаарында Франция менен Германиянын ортосундагы "Елисей келишиминин" 50 жылдыгына арналган салтанатта жаштарга кайрылып жатып: "Француз тилин үйрөнгүлө",-  деп бир нече ирет кайталаган. Азыр англис жана орус тилинде эркин сүйлөйт. 

© REUTERS Thilo SchmuelgenМеркель эки ирет турмушка чыгып, бирок биринде дагы балалуу болгон эмес
Курманжан датка орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Меркель эки ирет турмушка чыгып, бирок биринде дагы балалуу болгон эмес

Кесиби — физик

Ангела Меркель кесиби боюнча физик. Кызыгы, анын биринчи жана экинчи жолдошу тең ушул кесиптин ээси. Биринчи күйөөсү Ульрих Меркелге 1977-жылы турмушка чыгып, беш жылдан кийин ажырашып кетишкен. Азыркы күйөөсү Иоахим Зауэрг экөө 1998-жылы түтүн булата башташкан. Баса, бул маалыматтардан улам Ангела айым биринчи жолдошунун фамилиясын алып жүрөрүн байкоого болот.

Иттен коркот

Канчалаган чоң саясатчыларды "калчылдаткан" канцлер өзү иттен коркот. Ооба, кадимки эле итти көргөндө өзүн жоготуп кое жаздайт. Мындай фобия саясатчыда 1995-жылы пайда болгон. Велосипед тээп жүргөн жеринен аңчынын ити бутуна жабышып, катуу тиштеп койгон. Азыр Меркелдин администрациясы ал бара турган тараптардын баарына бир дагы ит болбошу керектигин эскертип турат. Бирок бул шарт 2007-жылы Россия президенти Владимир Путин тарабынан бузулган. Өлкө башчылардын сүрөткө түшүү жөрөлгөсү аяктаган соң алар отурган бөлмөгө Путиндин Кони аттуу ити кирип келген. Анда Меркель өзүн токтоо кармап, коркконун көп байкаткан эмес. 

© REUTERS / Kai PfaffenbachАнгела айым биринчи күйөөсү Ульрих Меркелдин фамилиясын алып жүрөт
Курманжан датка орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Ангела айым биринчи күйөөсү Ульрих Меркелдин фамилиясын алып жүрөт

SMS жазышканды жакшы көрөт

Меркель заманбап технологияларды көп колдонбойт. Мисалы, анын жеке ноутбугу, телефонунда байланышты жеңилдете турган мессенджерлер жок экени айтылат. Анын ордуна кадимки SMS-билдирүүнү пайдаланат. Немис ЖМКларынын жазганына караганда, ал өз кызматкерлери менен дагы дал ушундай жол менен байланышат. Пикир алышуунун заманбап жолдорун кооптуу деп эсептеп, жумуш үчүн аны айласыздан пайдаланат. Баса, буга чейин ал Facebook баракчасын өчүрүүнү чечкенин жар салган эле.

Үйү жок

Буга чейин эле белгилүү болгондой, Меркель кызматтык үйдөн баш тарткан. Азыр жолдошу экөө Берлиндин борбордук бөлүгүндө жайгашкан батирде жашайт. Көпчүлүк ЖМКлар ал дагы канцлердин менчиги эмес, ижарага алынганын жазып жүрүшөт. 

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAМеркель заңгыраган кызматтык үйдөн баш тартып, жолдошу Иоахим Зауэрг экөө Берлиндин борборунда чакан батирде жашайт
Курманжан датка орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Меркель заңгыраган кызматтык үйдөн баш тартып, жолдошу Иоахим Зауэрг экөө Берлиндин борборунда чакан батирде жашайт

Бала жыттаган эмес

Эки ирет турмушка чыгып, экөөнөн тең бала көргөн эмес. Маектеринин биринде айтканына караганда, мурда балалуу болгусу келчү. Бирок 35 жашында саясатка аралашкандан кийин бала тууралуу ойлонууга убакыт жетпей калган.

Феминист эмес

Дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарын толуктаган канцлерде феминисттик сезимдер жок. Тескерисинче, анын жан-жөкөрлөрүнүн арасында аялдарга караганда келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш жигиттерди көбүрөөк көрүүгө болот. Мисалы, анын маалымат кызматын 2011-жылы башкарган Ульрих Вильхельм кийин Бавария телевидениесин жетектеген. Дагы бир маалымат катчы Штеффен Зайберт учурда Германияда белгилүү журналисттердин сап башында. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2016-жылдын ноябрь айында Бишкекке келгенде "Курманжан датка" ордени менен сыйлаган
Курманжан датка орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
2016-жылдын ноябрь айында Бишкекке келгенде "Курманжан датка" ордени менен сыйлаган

"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси

Германиянын канцлери Ангела Меркель 2016-жылдын ноябрь айында Бишкекке келгенде, аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев "Курманжан датка" ордени менен сыйлаган. Сыйлык Ангела Меркелдин кыргыз-герман мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы жана дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык юбилейине карата берилген. Белгилей кетсек, Меркель ордендин алгачкы ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0